БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Баткендеги Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагында жол кырсыгы катталганын окуяга күбө болгон окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу билдирди.
© © видео очевидца Азиза Абдыкаар уулу, отправленное по Whats App-каналу
"Кара түстөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетти. Кагышкан экинчи унаа каналга түшүп кеткен. Эч ким каза болгон жок. Каналга түшүп кеткен унаанын ичиндеги эки кызды ооруканага алып кетишти", — деди күбө Азиз Абдыкадыр уулу.
Анын айтымында, кырсыкка себепкер айдоочу мас абалында болчу.
Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.