БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта аз камсыздалган үй-бүлөлөргө бериле турган жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда жөлөк пул 705 сомдон 810 сомго дейре жогорулатылат.
"Жөлөк пул муктаж үй-бүлөлөргө жетиши үчүн жер тилке, короо-жай жана киреше ченемдери кайрадан каралат", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө аз камсыздалган 88 миң үй-бүлөгө же 272 миң адамга жөлөк пул берилип келет.