Рада Түмөнбаева: Аксыдагы Ак-Терек каналы бүтсө тарыхый кадам жасалмак
Эл өкүлү аталган каналды иштетүү боюнча бир канча жылдан бери аракеттерден майнап чыкпай жатканына токтолду.
"Канал иштеп калса карапайым калкка чоң жардам болмок. Анткени суунун баары кошуна өлкөгө агып кетип жатат. Эгерде канал бүтүп калса тарыхта калчу чоң иш болмок. 2017-жылкы бюджетке кирбей калыптыр, карап көрүп киргизип коюңуздарчы", — деди депутат.
Түмөнбаева өкмөттүн ЖКдагы өкүлү Ашырбек Темирбаевге аталган маселени карап чыгууну өтүндү.