БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы шылуундук менен шугулданды делген аялды кармады. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда үстүбүздөгү жылдын апрель айында Зина аттуу аял сатып берем деп 500 миң сомдук алтындарын алып, ошол боюнча дайнын таптырбай кеткенин айткан.
Аталган арыздын негизинде Зина Батырбекова аттуу 41 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды.
Учурда анын башка кылмаштарга тиешеси бар-жогу такталууда.