БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Эртең Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөй тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Ал эми Бишкек шаарында жаан жаабайт, түндө 14…16 градус жылуу болсо, күндүз 29…31 градуска чейин көтөрүлөт. Ош шаарында дагы жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 14…16 градус жылуу болсо, күндүз 30…32 градуска чейин ысыйт.
Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.