БИШКЕК, 20-сен. – Sputnik. Баткен облусунда 5 килограмм героин менен тажик жараны кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ички иштер министрлигинин баңги затын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан атайын иш-чара уюштурулган.
19-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылынан Тажикстандын 64 жаштагы жараны айдап бараткан Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа токтотулган. ИИМ тараткан билдирүүдө тинтүү учурунда салмагы 4 килограмм 900 грамм болгон героин табылганы айтылат.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.