БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ыкчам иликтөө кызматынын өкүлдөрү Ош шаарынын тургунун үйүнөн 5 килограммдан ашык героин жана 13 килограммга жакын апийим таап чыгышканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маңзатты сатууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынын 60 жаштагы тургунун кармашкан. Ал маңзатты мыйзамсыз сатуу аракеттерине катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран камакка алынды. Учурда ыкчам иликтөөнүн кызматкерлери 60 жаштагы киши маңзатты кайдан алганын териштирип жатат.
Тергөө амалдары жүрүүдө.