БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Мамлекеттик тилдин 26 жылдыгына карата Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында атайын иш-чара өтөрүн Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Бул иш-чара 21-сентябрда өтөт. Ага Мамлекеттик тил комиссиясынын, Бишкек шаардык кеңештин, мэриянын өкүлдөрү, райондун жетекчилери, мектеп директорлору менен бала бакчанын жетекчилери катышат.
Эске салсак, 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине мамлекеттик статус берилген. Ошондон бери 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү катары белгиленип келет.