Мирлан Жээнчороев: окуучулар 11-класска чейин милдеттүү түрдө билим алышы керек
"Учурда тогузду бүткөн балдар мектепти таштап, ар кыл агымдарга азгырылып, айрымдары уюшкан кылмыштуу топторго кошулуп жатат. Андыктан 11-класска чейин милдеттүү түрдө окугудай кылуу керек", — деди Жээнчороев.
Депутат өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып, 9-классты бүтүп кеткен балдар тууралуу маалымат топтоо сунушун айтты.