БИШКЕК, 15–сен. — Sputnik. Ошто унаа уурдады деген шек менен жаш кыз кармалды. Бул тууралуу Ош милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 12-сентябрда белгисиз адамдар Оштун 21 жаштагы тургунунун Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен.
Шектүү делген 24 жаштагы кыз Жалал-Абаддын Сузак районунда колго түшкөн.
"Ал унааны тазалап, май куюп алып, өзүнүн менчик унаасында жүргөндөй айдап жүрө берген. Түшүнүк катта кыз таксиге түшкүсү келбегендиктен ушундай кадамга барганын айтты. Учурда мындай кадамдын башка себептери дагы такталып жатат", — деп милиция кызматкерлери маалымдашты.
Шектүү кыз убактылуу кармоочу жайда кармалып турат. Унаа ээсине кайтарылды.