БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Алдыда өтө турган КМШ өлкө башчыларынын саммитинде үч миң милиция кызматкери коопсуздукту сактайт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда Кайгуул милициясынын стационардык постторунда борбор калаага кирген-чыккан унаалар текшерүүгө алынат. Мындай иш-чаралар мыйзамсыз курал-жарактарды алып кирүү фактыларын алдын алууга багытталган.
"Милициянын каттоосунда турган жарандар өзгөчө көзөмөлгө алынып, өтө маанилүү объектилер кайтарылат. Тиешелүү кызматтар тарабынан делегация өтө турган жолдор менен имараттар текшерүүгө алынып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, КМШ өлкө башчыларынын саммити 15-17-сентябрь аралыгында өткөрүлөт. Бул убакыт ичинде Чүй облусу менен Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Ал эми расмий делегация өткөн төмөнкү жолдорго убактылуу жабылат.
- Чүй облусу — "Манас" аэропортунан Бишкек шаарына чейин;
- Бишкек шаары — Фучик көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси — Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Манас проспектисинен Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин;
- Чыңгыз Айтматов проспектисинен резиденцияга чейин;
- Чүй проспектиси — Манас проспектисинен өкмөт үйүнө чейин;
Ошондой эле иш-чара өткөн даректерге кеткен көчөлөр да жол кыймылы үчүн жабык болот.