Жеңиш Ташматов: Өзбекстандын милиция кызматкерлери бизге кысым көрсөткөн жок
"Буюрса баары жакшы. Бизге кысым көрсөтүп жаман мамиле жасашкан жок. Мамлекеттик жетекчилер менен күч органдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп тил табышканы жакшы болду", — деп билдирди Ташматов.
Белгилей кетсек, 22-августта талаш жараткан чек ара аймагына Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен конгон. Ал эми 24-август күнү алар Кыргызстандын төрт жаранын кармап кетип Яңги-Курган ички иштер бөлүмүнө киргизишкен. Бара-бара өзбек милициясынын саны 20 адамга жеткен.