БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Британиялык кыз эң узун сакал өстүргөн аял катары Гиннес китебине киргенин Би-Би-Си билдирди.
24 жаштагы Харнаам Каур чачтын кескин өсүшүнө алып келген сейрек кездешүүчү оору менен жабыркайт. Учурда сакалынын узундугу 15 сентиметрден ашуун. Каур сакал — бул көп жылдан бери келбетине карата айтылган шылдың сөздөргө карата реакциясы экенин билдирген.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Каур Лондондогу Мода жумалыгында подиумга чыккан алгачкы сакалчан аял болуп калды.