БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда ажаткана үчүн казылган чуңкурга бир жашар бала түшүп кетип каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 7-сентябрь күнү саат 16:00дөр чамасында болгон.
Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жаш баланын сөөгүн чыгарып, ата-энесине өткөрүп беришкен.