БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Бишкекте эл аралык топтун мүчөсү болгон жаран кармалганын УКМК билдирди. Ал Казакстандан келген.
Маалыматка ылайык, кармалгандын 28 жаштагы Шамо Мамедов экени аныкталган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында Мамедовдун топтун башчылары тарабынан берилүүчү буйруктарды күтүп жатканы белгилүү болгон. Мындан тышкары, Мамедов Кыргызстанда жүрүп Сириядагы согуштук аракеттерге адам жиберүү боюнча тапшырмаларды аткарып келген.
Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Тергөө иштери улантылууда.