БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өрт учурунда жабыркаган 26 жаштагы Калбай кызы Кызбурак Бишкекке учуп келерин КРдин Россиядагы элчилиги билдирген.
Эске салсак, 27-августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып анда 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон. Басмаканада иштеген КРдин бир нече жарандары сыртка чыгууга үлгүрүшкөн. Бул карагашадан улам Кыргызстанда аза күтүү жарыяланган.
"Өрт учурунда жабыр тарткан Калбай кызы Кызбурак 5-сентябрда Склифосовский атындагы илим изилдөө институтунан чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Ал элчиликтин жана "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын көмөгү менен Бишкекке учуп келди.