БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкекте мас абалдагы милициянын формасын кийген айдоочу видеого түшүп калды. Бул тууралуу активист Болот Ибрагимов билдирди.
Видеодо Ибрагимов мас абалдагы милиция формасын кийген айдоочудан унаанын ачкычын берүүсүн талап кылат. Шаар тургуну бул кадамын айдоочу мас абалда бирөөнү коюп кетиши мүмкүндүгү менен түшүндүрөт. Көп өтпөй мас айдоочу унаадан түшүп, ары басып кетет.
Окуя 2-сентябрь күнү Бишкектин "Чыгыш-5" кичи районунда болгон.