БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы орто мектептерде 7 миң 276дан ашык өрт коопсуздугунун эрежеси бузулган. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Ведомствонун маалыматына караганда өлкө аймагындагы бардык мектептер менен мектепке чейинки окуу мекемелеринин өрт коопсуздугу текшерилип жатат.
"Учурда 2 миң 052 мектептин ичинен 993ү текшерүүгө алынып 7 миң 276 өрт коопсуздугунун эрежеси бузулганы белгилүү болду. Бардык фактылар боюнча мектеп директорлору менен айыл өкмөт башчыларына кемчиликтерди жоюу тапшырмасы коюлду", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары өрт коопсуздугу сакталбагандыктан 56 жетекчиге административдик чаралар колдонулду.