Камчы мырза менен филармония жакта сейилдеп маектештик. Көргөн-билген кишинин баары эле жанына тура калып селфи кылып жатышты.
— Камчы байке жакында эле кырк жылкылуу болдуңуз, бешик боо бек болсун! Үйдөн киши үзүлбөй жатса керек?
— Анан Айсулууну тойго чакырам деп камынып жатасыз…
— Мен ал кагылайын менен азыр байланыша элекмин. Бирок тааныштыгыбыз бар. Жанагы индус кыз менен күрөшкөндө "алтыным ай, алтыным" деп кагылып-согулуп ийдим. Эми эч нерсе эмес. Биз кыргыздар ушинтип отуруп такшалабыз.
— Өткөндө социалдык тармактардан кызыма ат коюшуп койгула деп жардам сурап жүрдүңүз эле. Кайсыл ысым буюрду?
— Буга чейин Барсбек жана Жанболот деген уулдарыбыз бар эле. Кызымдын атын көп жерден издештирдим. Акыры жубайым, апам үчөөбүз кеңешип туруп Асылзат деген ысымды ыйгардык.
— Биз азыр филармонияны бойлой сейилдеп жүрөбүз. Айлананын көбү студенттер да. Сиз дагы шаарга жаңы келип, окууга тапшырган учурларыңызды эстей кетсеңиз?
— Балетке дейсизби?!
— Мен окуу жайга үй-бүлөм, чоң байкелерим менен баргам. Алардын баары сөөк-саактуу, толмочунан келген немелер да. Бий жетекчисинин жүрөгү түшүп калса керек, "балаңар кийин толуп кетет" деп албай коюшкан. Ошентип Суворовду да толук бүткөн жокмун. Мүшөккө шибеге катсаң кайра эле чыгып калат экен. Өзүм каалаган Искусство институтунун актерлук бөлүмүн тандап кеттим. Ал жакты бүтүп Чүй театрында үч жыл иштегенден соң кыргыз драма театрына которулдум.
— Башка актерлордон жеке артыкчылыгым, өзгөчөлүгүм бар деп деп ойлойсузбу?
— Ар бир адам өзүнчө индивид сыяктуу эле ар бир актер кайталангыс. Мен мисалы Мукамбет Токтобаев, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиевдер менен иштешип калдым. Карап отурсаң ошо залкарлардын баары өзүнчө бир кулк-мүнөзгө, көз карашка ээ. Жадагалса бир үй-бүлөдө төрөлгөн үч баланын үч башка кыялы болот экен. Менин өзгөчүгүмдү айта албайм. Мага билинбейт, бирок бар болсо керек.
— Кино жана театр жаатында актер турган турпаты түзүлгөн кырдаалга жараша күлкү же кайгы жаратат деп айтышат? Сизде бул жагы кандай?
— Бир ролго сиңип калуудан коркпойсузбу? Сизди көбүнчө боорукер, тамашакөй каармандын образынан көрөбүз дегеним да…
— Театрда менин трагедия ойногон спектаклдерим бар. Кинодо болсо режиссерлорго барып бир трагедия бергилечи, мен керек болсо зөөкүрмүн десем "жок сенин көздөрүң боорукер" деп коюшат. Мен трагедияны ойногонго дараметим жетет. Болгону бул эл менен режиссерлордун каалоосу жана тандоосу болушу мүмкүн. Милиция же жеңил ойлуу мырзалар болсо Аскат Сулаймановду, зөөкүр десе эле Назым Меңдибаировду, боорукер, тамашөкөй мырза болсо эле мени чакырышат. Ошол эле учурда Аскат менен Назым комедияны, мен трагедияны ойной алам.
— Театрда улуу муун менен кийинкилердин ортосунда пикир келишпестик болот деп угуп калабыз…
— Биринчи, экинчи состав менен иштейбиз. Бизде андай жок.
— Атаандашуу болбосо өсүш болбойт дешет го?
— Спектакль менен спектакль, театр аралык атаандашуу болуп турат. Кино жаатында деле ошондой, ким эмнеге, кайсы рольго татыктуу экенин эл өзү эле тандап коет.
— Азыр эмне менен алексиз?
— Аталык милдетимди аткарып жатам. Бирок сасык тумоо болуп ооруп жанына жолой албай айланчыктап жүрөм. Театрда иштеп, кинолорго тартылмай. Тойлордо тамадалык кызмат кылам. Тапканымдын көбүн салыным жаткан үйгө жумшап жатам. Жер там дагы оңой менен бүтпөйт экен.
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?