БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Эртең Кыргызстанда күн күркүрөп, жаан себелейт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
"Бишкекте күндүз бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16 градус, күндүз 26…28 градус жылуу болот. Ош шаарында түнүсүн 18…20 градус, күндүз 29…31 градуска жетет", — деп айтылат маалыматта.
Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталат.