БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкекте ишембиден жекшембиге караган түнү жол кырсыгы катталып, мотоциклдин айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман WhatsApp-канал аркылуу билдирди.
Аталган маалыматты күч түзүмдөрдөгү өздүк булактар да тастыкташты.
Күбөнүн айтымында, Mercedes Benz унаасы Орджоникидзе көчөсү менен түндүктү көздөй багыт алган. Ал эми ошол учурда мотоциклчен топ Ахунбаев көчөсү менен бара жаткан.
"Эки көчөнүн кесилишинде жол чырак жок. Бирок Ахунбаев көчөсү башкы көчө болуп саналат. Ага карабастан Mercedes Benz унаасы мотоциклчендердин бирин сүзүп алды", — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мотоциклчен жигит 20 жашта болгон. Ал кырсык болгон жерде көз жумган. Ал эми Mercedes Benz айып короого токтотулду.
Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.