БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бүгүн, 16-августта Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Руслан Царев чыгат.
1/8 финалдык беттешүү Бишкек убактысы боюнча 19.24тө болот. 66 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынаша турган Царевго алжирлик балбан, Африканын учурудагы чемпиону Тарек Азиз Бенайсса атаандаш болот. Sputnik Кыргызстан агенттиги Руслан Царев тууралуу 5 фактыны сунуштайт.
- Русландын Роман деген эгиз түгөйү бар. Ал дагы грек-рик күрөшү менен машыгып келет.
- 25 жаштагы балбан Казакстандын Тараз шаарында төрөлүп, эки жылдан кийин үй-бүлө Бишкекке көчүп келишкен.
- 12 жашынан бери машыгып келген балбан 2014-жылы Астана шаарында бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталган. Эл аралык турнирлерде көп жолу байге уткан.
- Быйыл Стамбулда өткөн эл аралык лицензиялык турнирде Рио олимпиадасына жолдомо алды. Ал — эл аралык спорт чебери.
- 2012-жылы өлкө чемпионатында эгиздер финалга бет келип калышкан. Анткен менен кармаш аягына чейин уланып, Руслан жеңүүчү аталган.