БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. "Барселона" клубунун оюнчусу Лионель Месси Аргентинанын футбол боюнча курама тобуна кайтып келип, карьерасын уланта тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Р-Спорт Mundo Deportivo басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Спортчу өз өлкөсү менен Аргентина курама тобунун футболкасын жакшы көрөрүн белгилеген.
"Мен Аргентина футболунда көйгөйлөр бар экенин көрүп турам. Дагы бир көйгөй жараткым келбейт", — деп билдирген Месси.
Кийинчерээк жалпыга маалымдоо каражаттарында дагы бир нече футболчу курама топтон чыгууну ойлонуп жатышканы маалымдалган. Буга байланыштуу өлкөдө Мессини курама командада алып калуу үчүн атайын кампания башталган.
Дүйнөлүк футболдун эң мыкты оюнчусу атыккан Месси Аргентинанын курама командасынын атынан биринчи жолу 2005-жылы чыккан.