Атамбаев Франция президенти Олландды туулган күнү менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев жана Франциянын башчысы Франсуа Олланд. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев жана Франциянын башчысы Франсуа Олланд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Олландга бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын башчысы Франсуа Олландды туулган күнү менен куттуктап, аны эки өлкөнүн ортосундагы ала-катнаштын туруктуу жактоочусу деп айтты. 

"Кыргызстанда сизди Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы достуктун жана өз ара кызматташтыктын туруктуу жактоочусу катары билишет. Биргелешкен аракеттер менен биздин өлкөлөрдүн жана элдердин бакубатчылыгы үчүн кыргыз-француз достук мамилелер мындан ары да бекемдей берет деп ишенем", — деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Олландга бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады

Быйыл Франциянын президенти Франсуа Олланд 54 жашка чыкты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0