БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жума күнү Кыргызстанда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 16…18 градус, күндүз 31…33 градус жылуу болот. Ал эми Ошто болсо түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 34…36 градус ысык болушу күтүлүүдө.
Өлкөнүн калган аймактарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.