БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Маданият маалымат жана туризм министрлиги Москва шаарына коюла турган Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин долбооруна сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Сынакка бардык сүрөтчүлөр, скульпторлор, архитекторлор катыша алат. Шарт боюнча бир адам же бир канча жамаатттын автор болуусуна жол берилет.
Катышуучулардын жашы боюнча чектөө жок. Сынак 15-августта башталып 15-октябрга чейин уланат.