БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда сууга чөккөн кеткен жарандын денеси табылгандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда 28 жаштагы жаран 7-август күнү Кызыл-Ата айылынын үстүндөгү кичи суу сактагычка жуунуп жатып, чөгүп кеткен.
Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада маркумдун денесин бүгүн саат 11:50 чамасында табышып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.