БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. "Азия MIX" командасынын мүчөлөрү Бахтияр Касымалиев (Баха) менен Руслан Максимов (Интеллигент) тун кыялын орундатышты.
Александр Даун синдромунан жабыркайт. Ал Кыргызстандагы мындай бейтаптардын арасынан биринчи жолу жумушка орношкон. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде кыргызстандык шайырлар жана тапкычтар командасынын күйөрманы экенин айткан.
Баха менен Интеллигент бул тууралуу билгенден кийин ага күтүлбөгөн кубаныч тартуулоо үчүн Александрдын үйүнө барышкан.
Михайлюк мындай нерсени такыр күтпөгөнүн билдирди.
"Мен алар кирип келгенде тааныган жокмун. Биз чай ичип, торт жеп сүйлөшүп отурдук", — дейт Александр.
Бахтияр Касымалиев, Руслан Максимов жана Александр Михайлюк кийин дагы жолугабыз деген тилектерин билдиришти.