Ырчы Кылыч Эдик: "Көк бөрү" ырымды көчмөндөр оюндарында ырдасам дейм

© Sputnik / Табылды Кадырбеков15 жаштагы жаш ырчы Кылыч Эдик. Архив
15 жаштагы жаш ырчы Кылыч Эдик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда шоу-бизнес айдыңында козу карындай жыбыраган ырчылардын көптүгүнөн кимиси кайсыл ырды ырдаарын билбейсиң.

Журналист Гүлдана Талантбекова жаш муундун шоу-бизнеске аралашуусунун максаты эмнеде, күчтүү атаандаштыкка кантип туруштук беришет, алар убагы келгенде эже-байкелеринин ордун баса алабы деген суроолорго жооп издеп көрдү. Биз бул жагынан 15 жаштагы жаш ырчы Кылыч Эдикти кепке тарттык. Ал учурда "Көк бөрү" аталышындагы ырды аткарып, элдин купулуна толуп келе жаткан чагы.

— Алгач бизди атыңыз кызыктырып турат?
— Аты жөнүм Эдик уулу Кылыч. Атам Эдик Кеңеш уулу шоу-бизнес чөйрөсүндө таанымал адам. Легендарлуу "Айкөл" тобунун солисти болчу. Тилекке каршы көзү өтүп кетти. Атамдын жолун жолдоп, атын өчүрбөйүн деп Кылыч Эдик болуп чыгууну туура көрдүм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Кылыч Эдик: мен башынан эле апамдан сурангам. Келечекте чоң адам болгум келет, ошондуктан чыгармачылыктан акчаны аябайлы деп. Анан такыр үнөмдөгөн жокпуз. Апам өзү баш болуп чуркады
Интервью с певцом эстрады Эдиком Кылычом - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Кылыч Эдик: мен башынан эле апамдан сурангам. Келечекте чоң адам болгум келет, ошондуктан чыгармачылыктан акчаны аябайлы деп. Анан такыр үнөмдөгөн жокпуз. Апам өзү баш болуп чуркады

— Учурда эл жылуу кабыл алып, патриоттук сезимди күчөткөн "Көк бөрү" ырың тууралуу сүйлөшсөк. Анын идеясы кимге таандык?

Эстрада-фольклордук ырчы Самара Каримова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Самара Каримова: кээ бир тойлорду көрүп оозум ачылат
— Ырдын идеясы жана обону белгилүү аранжировщик Эрнест Жоошовге таандык. Мен ал байкеге алгач башка ыр менен баргам. Ал "менде даяр ыр бар, башкалар кызыгып жатат, аталышы "Көк бөрү", ал көчмөндөр оюнунда ырдалышы керек, сенин үнүңө ылайыктуу" деди. Ошентип ырды жаздырып бүткөндөн кийин клипти менеджерим Чыңгыз Алыбаев менен ойлонуштурдук. Клиптин идеясы, формалар, тартылган жерлер бүт ушул байкеге таандык. Клипти Эрнист Сыдыков тартып берди.

— Каражат жагынан кандай болду?
— Мен башынан эле апамдан сурангам. Келечекте чоң адам болгум келет, ошондуктан чыгармачылыктан акчаны аябайлы деп. Анан такыр үнөмдөгөн жокпуз. Апам өзү баш болуп чуркады. Клибим чыккандан кийин жылуу сөздөр, ийгилик каалагандар көп болду, окуп алып толкундандым. 

— Сыртыңан улуураак көрүнөт экенсиң?
— Ооба мени 18-19 жаштагыдай көрүнөт экенсиң дешет. Турмуш эрте чоңойтту окшойт. Атамдын көзү өткөндөн кийин апамды жалгызсыратпайын деп, ага жөлөк болуп жардам бердим. Апам кесиби боюнча журналист, диктор болуп иштеген Айжан Кемелова. Азыр биз менен алектенип, ал тармакта иштебейт.

— Шоу-бизнеске эмне максатта кадам таштадың?

Ырчы Мирбек Атабеков интервью учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков менен болгон ачык маек: күйөрман кыздарым менен мамиле түзбөйм!
— Атам кайтыш болгонго чейин ырдачу эмесмин. Ал "мен ырчы болуп жыргаган жокмун, сен башка чөйрөдө кетишиң керек" деп ырдаганыма каршы болчу. Ошентип жүрүп анын көзү өткөндөн кийин он эки жашымдан баштап ырдай баштадым. Алгач Канат Култаевдин долбооруна кастинг аркылуу киргем. Ал жактан Канат байке жактырып, сенин келечегиң чоң деп айткан. Анын "Мурас" тобуна өзүмдүн сунушум менен кирдим. Ал жакта жүрүп көп нерсени үйрөнө алдым. Бирок кийин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу топтон чыгып кетүүгө туура келди. Кайра эле чыгармачылык өзүнө тартып туруп алгандыктан апам "өз жолуңду уланта бер, биз жардам беребиз, ырда" деди. Азыр Канат байке менен мамилебиз жакшы. Кеп-кеңештерин алып турам.

— Башка ырчылардан салыштырмалуу кандай өзгөчөлүктү издеп жатасың?
— Биринчи эле жандуу ырга көңүл бурам. Башкаларды туурап эмес, жаңылык жаратууну максат кылам. Азыр атаандаштык күчтүү эмеспи. Ошондуктан бир ырды клиби менен тартып койбой, кийинки чыгармалардын үстүнөн үзгүлтүксүз иштегенге жан үрөйм. Буюрса кийин концерт бергенде баардыгы даяр болсун деп ар бир ырдын өз формасын, жасалгасын, сюжетин сактап жатам.

— Кайсыл ырчылардын чыгармачылыгына баа берип, таасирленесиң?
— Биздин ырчылардан Мирбек Атабеков менен Арсендин чыгармачылыгын сыйлайм. Казак элинен Кайрат Нуртастын ырларын кичинекей кезимен бери угам. Бирок алардын кийинүү, ырдоо стилин туурабайм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Кылыч Эдик: башкалар мага уу берсе, май бергенге аракет кылам. Алардын ишине ийгилик каалап, өз ишимди жасай берем
Интервью с певцом эстрады Эдиком Кылычом - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Кылыч Эдик: башкалар мага уу берсе, май бергенге аракет кылам. Алардын ишине ийгилик каалап, өз ишимди жасай берем

— Алдыдагы атаандашууларга кантип туруштук бересиң?
— Башкалар мага уу берсе, май бергенге аракет кылам. Алардын ишине ийгилик каалап, өз ишимди жасай берем.

— Ырчылыкка олуттуу карап, кесип катары эсептейсизби?
— Азыр музыкалык колледжге тапшыргам. Аны бүткөндөн кийин Жогорку окуу жайга тапшырып, атамдай болуп мамлекеттик жумушта иштегим келет. Анан албетте чыгармачылыкты да өз нугунда алып кетсемби дейм.

— Алдыда кандай пландар, ой-максаттарың бар?

Алып баруучу Назира Айтбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назира Айтбекова: тили жакшы, бирок түрү суук кемпирге окшош кыз деп айтышчу
— Учурда 15 жаштамын. Мен жете турчу ийгиликтер али алдыда. Келечекте өлкөнүн намысын коргоп, эл аралык сынактарга катышкым келет. Азыр ыр, клиптердин үстүндө иштөөдөбүз. Учурда көчмөндөр оюнуна катышканга аракет кылып жатабыз. Биз тапшырык берип, клипти жөнөттүк. Буюрса 7-августта жыйынтык чыгат. Ал эми 14-августта программа аркылуу конкурска катышып, жандуу үн менен ыр аткарабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0