Өлкөдө жаңы хит. Алмазбек Атамбаевдин кезектеги төртүнчү ыры жарык көрдү. Анын ыры "Нелепые слова" деп аталат. Ыр Toptash production студиясынын Youtube каналына жарыяланган. Эмне дейбиз, президентибиз мөөнөтү аяктаганда иши жок калбайт окшойт…
Максутовдун ордуна Казаков. Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу болуп Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков дайындалды. Баса, экс-министр менен жаңысы тууралуу кызыктуу фактыларды окуганды унутпаңыз.
Мактаган кыз тойдо… Ысык-Көлдө тапанчасы менен кошо эс алып жүргөн милиционер кыздын окуясы зериккендерге жакшы тема болуп берди көрүнөт. Бири аны жактаса, башкасы мактап жатат. Албетте терс жактарын жазгандар да четтен чыкты.
Кулагыңызга күмүш сырга. Кет Буканын олуялыгы: кыз-уланың дүйнө кууп, кырдан качат, сак болгун… Чыңгыз хандын тушунда жашаган акындын акылдарын окуганды кайдыгер калтырбайт. Бир көз салып көрсөңүз.
Жеңил барып, оор келгиле! Рио олимпиадасына алгачкылардан болуп жеңил атлетчилер менен сууда сүзүүчүлөр учушту. Аларды коштоп 1980-жылкы Олимпиадада оор атлетика боюнча чемпион болгон Каныбек Осмоналиев дагы кетти. Үмүт, үмүт, үмүт…
Кыргыз-казак жаштарын мушташтырган 20 сом. Ал ортодо кыргыз-казак жигиттери "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатынын алдында кер-мур айтыша кетти. Окуя тууралуу кеңири маалымат бул жакта.
Абайлаңыз, каар жаайт. Ысык аба ырайынан кийин бүгүн күн кескин өзгөрүп, бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде нөшөрлөгөн жаан жаайт.
Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.72 (сатып алуу) жана 67.98 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда.
Соңку сөз ордуна. Жакшы тилек — жарым ырыс.
Бүгүн сиздер менен Исмаил Мамытов болду. Тоону томкоро бериңиздер.