БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн дипломдору Казакстанда жарактуу боло турганын Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Буга чейин Казакстанда башка өлкөнүн дипломдорун жаратпай жаткандыгы боюнча аталган комиссияга арыз түшкөн.
"2015-жылдын 1-январына чейин берилген дипломдор Казакстанда жараксыз болуп жаткандыгы боюнча арыздар келип түшкөн. Аталган маселени ЕЭК Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте карап, ал оң жагына чечилди", — деп айтылат маалыматта.
Мындан ары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жогорку билими тууралуу диплому менен Казакстанда иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү.