БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Жаңыл Жусупжандын "Каратегинден кат" аттуу даректүү тасмасы Якутск жана Казань кинофестивалдарына чакырылганын Кинематография департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Якутскидеги IV эл аралык кинофестиваль үстүбүздөгү жылдын 17-21-август күндөрү өтсө, Казанда өтүүчү XII эл аралык фестиваль 5-11-сентябрга белгиленген.
Тажикстандын Жерге-Тал аймагын жердеген кыргыздар, алардын күнүмдүк турмушу тууралуу тартылган тасманын бет ачары үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон.