БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Айида Батырбекова. Илгери, саат жок маалда кыргыздар күн чыккандан батканга чейин убакытты өздөрү белгилеп келишкен. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында кыргыздардын бир күн ичиндеги убакыттын белгиленишине карата айтылган мезгил өлчөмдөрүн жазууну туура көрдүк. Кыргыз тили бай, бир күн ичинде мезгилди аныкташ үчүн кеминде 18 сөз колдонулат экен…
1. Таң үрүл-бүрүлдө — жерге жаңыдан жарык түшүп келе жаткан мезгил. Жакынкы буюм-тайымдар, караан гана үрүл-бүрүл (бүдөмүк) көрүнүп, алыстагылар даана көрүнбөйт;
2. Таң заардан же таң атпай — эртең менен эрте, күн чыга электе деген мааниде айтылган;
3. Таң агарганда — жерге жарык түшүп, айлана-чөйрө көрүнүп калган, бирок күн чыга элек мезгил;
4. Супа салганда — таң агарды дегендин синоними;
5. Күн чачыраганда — күн жаңыдан чыккан мезгил;
6. Таң атканда — жерге жарык толук түшкөн маал;
7. Шашке — түшкө жакындап калган мезгил. Саат 10.00дөн 11.00гө чейинки убакыт аралыгы;
9. Түш ченде — саат 12.30дан 14.00гө чейинки мезгил;
10. Чак түш — саат 13.00 чамасы, башкача айтканда күн так төбөгө келген учур;
11. Кечке маал же кеч киргенде – күн батарга жакындаган маал;
12. Күүгүм киргенде – айлана-тегерек караңгылай баштаган учур;
13. Иңир — толук караңгы кире элек, айлана үрүл-бүрүл көрүнүп турган чак;
14. Көз байланганда — күн батып айлана-чөйрө элес-булас гана көрүнүп турган учур;
15. Күн батканда – күн толугу менен баткан мезгил;
16. Каш карайганда — күн уясына толугу менен кирип көзгө эч нерсе көрүнбөй калган мезгил.
17. Караңгы киргенде – айлана-тегерек көрүнбөй калган маал;
18. Түн ортосу - түнкү саат 1.00дөн 2.00гө чейинки мезгил.
Намаз окууга байланыштуу мезгил убакыттары төмөнкүчө айтылат
2. Бешим маалы– түш оогон мезгил;
3. Дигер маалы —күн батканга чейинки, кечки маал;
4. Шам мезгили – күн батып, күүгүм кирген учур;
5. Куптан мезгили – түн ортосуна чейинки, жатар мезгил.