БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Олимпиадалык оюндарга лицензияны кайтарууга салымын кошкон өлкө президентине балбан Жанарбек Кенжеев ыраазычылык билдирди.
"Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн лицензиям алынып калганда күйөрмандарым баш болуп абдан кайгырышкан эле. Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Күрөш федерациясы колдоо көрсөтө албай калганда президентке кайрылууга туура келген. Өлкө башчы үнүмдү угуп, аракеттер көрүлдүбү, айтор лицензиям кайтарылып берилди", — деп айтты Кенжеев.
Спортчу ошондой эле Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Шаршенбек Абдыкеримовго дагы ар дайым спортчуларды колдоого алгандыгы үчүн ыразычылыгын айтты.
"Башында олимпиадага барып жеңишти эңип келем деген ишеничте отум жанып турган эле. Катуу даярдангам. Лицензия алынганда абдан кайгырдым. Бирок канткен күндө дагы олимпиададан жеңиш менен кайтам деген үмүтүм дале өчө элек", — деп белгиледи спортчу.
Учурда Кенжеев олимпиадага болгон даярдыктарын кайрадан жанданткан чагы.