Атамбаев Азимжан Аскаровдун соту жылдап созулушу мүмкүндүгүн айтты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүФемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Атамбаев Аскаровдун ишин кароодо Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын чечими менен кошо эле Кыргызстандын баш мыйзамы эске алынышы керектигин айтты.

БИШКЕК, 14-июл. —Sputnik. Чүй облустук соту дыкаттык менен так жана майда-чүйдөсүнө чейин ишти кайрадан карап чыгат жана буга алты ай же 1-2 жыл кетеби, аны соттун жүрүшү көрсөтөт. Себеп дегенде, токтоосуз бошотуу деген түшүнүк жок. Бул туурасында Алмазбек Атамбаев Ангела Меркель менен болгон маалымат жыйында Азимжан Аскаров боюнча берген журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты. 

Жогорку сот 2010-жылдын июнь айында улут аралык араздашууну тутанткан деп соттолгон Азимжан Аскаровдун ишин мындан эки күн мурда, 12-июлда Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

Азимжан Аскаровдун соту кызыл-кыргын, сары сүргүн менен өттү - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаровдун соту ызы-чуу менен коштолду
Президент облустук соттун ишти кароо мөөнөтү узарып кетиши да мүмкүндүгүн айтты. 

"БУУнун комитетинин чечимиде Азимжан Аскаровду бошотуу эмес, анын бузулган укуктарын калыбына келтирүү чечими айтылган. Соттук процедураларда мыйзам бузуулар болгондугу белгилеген. Чүй облустук соту дыкаттык менен так жана майда-чүйдөсүнө чейин ишти кайрадан карап чыгат. Буга 1-2 ай, же 1-2 жыл кетеби, аны соттун жүрүшү көрсөтөт. Себеп дегенде, токтоосуз бошотуу деген түшүнүк жок, ал эми кетирилген кемчиликтерди оңдоо деген бар", — деди Атамбаев.

Президент Аскаровдун ишин кароодо Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын чечими да, Кыргызстандын баш мыйзамы эске алынышы керектигин айтты.

Кыргыз тарап аталган комиттеттин өкүлдөрүнө сотко катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө даярдыгын кошумчалады. 

"Биз комитеттин ар бир өкүлүн кабыл алууга жана сотко катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө даярбыз. Ошондо чындык менен жалгандын кайда экендигин өзү эле билинип калат", — деди Атамбаев. 

Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. 

Июль айында (2015-жылы) АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан Азимжан Аскаровго "Адам укугунун коргоочусу" сыйлыгынын ыйгарылышы Кыргызстанда нааразычылыкты жараткан.

Ага жооп иретинде Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган.

2016-жылдын 21-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттеринин доклады жарыяланып, анда "Аскаров мыйзамсыз жана адам чыдагыс абалда кармалып турат, андан сырткары уруп-согууга да кабылган" деп жазылган. Ушундан улам, БУУнун эксперттери Аскаровду бошотуу талабын коюшкан.

ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу менен Прессанын эл аралык институту дагы Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0