Ысык-Көлдө үч баллдык жер титиреди

© AFP / BAY ISMOYOСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында жайгашкан.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ананьево айылында бүгүн күчү 2,5-3 балл болгон жер титирөө катталганын ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 13.02де болгон жер титирөөнүн очогу Казакстанда, Күңгөй Ала-Тоо тоо кыркаларында жайгашкан. Жер титирөө Алматы шаарында 3-3,5 балл, Ысык-Көлдүн Ананьево айылында 2,5-3 балл сезилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0