БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Талас жана Чүй облустук жергиликтүү соттордун, Ош облусунун райондор аралык сотунун судьяларын дайындоо жана жөнөтүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
КРдин Судьяларын тандоо боюнча кеңеш тарабынан Атамбаевге Баткен (2 адам), Талас (4 адам), Ош (2 адам), Нарын (1 адам) жана Чүй (1 адам) облустук сотторунун, ошондой эле Ош облусунун райондор аралык сотунун (2 адам) судьялыгына 12 талапкерди дайындоо боюнча сунуш киргизген.
Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда президент талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрүп, төрт талапкер боюнча кеңештин сунушуна макул болду.
Ага ылайык, Талас облустук сотуна Өмүрлан Түнкатаров, Курал Эстебесов, Чүй облустук сотуна Бекболот Сейталиев жана Ош облусунун райондор аралык сотуна Акылбек Досалиев дайындалды.