БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Астана шаарында цирк өнөрү боюнча өткөн "Азия жаңырыгы 2016" эл аралык сынакта Кыргызстандан барган 16 жаштагы Чынара Мадимкулова биринчи орунду багындырганы конкурстун Facebook тармагындагы расмий баракчасында айтылат.
Тогузунчу ирет өткөн эл аралык фестиваль быйыл Астананын башкы циркинде 2-7-июль күндөрү болду. Ага Белоруссия, Голландия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Россия, Түркмөнстан жана Эфиопиядан келген мыкты спортчулар катышты.
Мадимкулова буту менен жаа аткан номерин тартуулады. Буга чейин акробат кыз Румыния менен Украинада өткөн таланттар сынагына да катышкан.