БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Аялын эч кандай себеби жок эле сабаган киши милиция тарабынан кармалганын Чүй ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБге Телман айылынын 36 жаштагы тургуну кайрылып, күйөөсү аны 1-июлда себеби жок эле сабап салганын айткан. Чүй ОИИБдин кайгуул милициясы окуя болгон жерге барып, шектүү катары 33 жаштагы тургунду кармашкан. Ал тергөө бөлүмүнө алып келинип, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Андан сырткары, Москва районунда эки жараны да таанышын сабап салды деген шек менен кармалган. Аталган райондун 48 жаштагы тургуну жөнү жок эле сабалганын айткан. Ыкчам иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө 44 жаштагы эки тургун кармалып, тергөө иштери улантылууда.