БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Депутаттар милдеттүү камсыздандыруунун убактысын жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Демилгеге ылайык, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу 2019-жылдын 7-февралына чейин узартылат.
Аталган мыйзам долбооруна 107 депутат макул, бир эл өкүлү каршы добуш берди.