БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кеминде 2 жашар бала сууга агып кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Окуя үстүбүздөгү жылдын 29-июнь күнү саат 20:30дар чамасында болгон. Туугандарынын айтымында, бала Чу дарыясына түшүп кеткен. Учурда куткаруучулар баланы издеп жатышат.
Мындан тышкары, Жалал-Абаддын Сузак районундагы Достук айылында дайынсыз болгон төрт жашар Перизат Арстанбекова бүгүнкү күнгө чейин табылбай келет.