БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп белгилөө жөнүндө токтомду жактырды.
Токтомду депутат Тазабек Икрамов демилгелеп, аны 80 депутат колдоого алды.
Ак калпак майрамы 2011-жылдан бери майрамдалып келет. Анткен менен расмий майрам каттары катталган эмес. Аны буга чейин Маданият министрлиги да расмий белгилөөнү сунуштаган болчу.
5-мартты ак калпак күнү деп белгилөө демилгеси режиссер Рыспек Жабировго таандык.
Ак калпак жөнүндө кеңири маалыматты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүздөр>>
Ак калпак КЫРГ
![Ак калпак КЫРГ Ак калпак КЫРГ - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101457/53/1014575356_0:0:998:1740_600x0_80_0_0_86d79af98431c1047e0c6bd9f21fbf2c.png)
Ак калпак КЫРГ