БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште сот отурумунун катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сот сакчысы институтун киргизүү демилгеси үчүнчү окууда жактырылды.
Мыйзам долбоордун концепциясы соттордун кадыр-баркын чыңдоого судьяларга карата коркутуп-үркүтүү жана зомбулук көрсөтүү учурларын болтурбоого багытталат.
Демилгеде соттордун имараттарын жана отурумдарды, судьялардын өндүрүштүн катышуучуларынын жана күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга каралган.