БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку соттун судьясы Айжамал Ажибраимова өз каалоосу менен кызматтан алынды.
Аталган маселе бүгүн, 29-июнь күнү парламентте каралып, Ажибраимованы жумуштан алуу боюнча токтомго 87 депутат макул, 5 эл өкүлү каршы деген добуш беришти.
Айжамал Ажибраимова ЕАЭБдин соту болуп дайындалгандыктан өз ыктыяры менен жумуштан кеткен.