БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. "Ататүрк" аэропортунун чет жакка учуу терминалындагы куралдуу кол салуудан кийин 36 киши каза болуп, 150гө чукулу түрдүү жаракаттарды алды.
Стамбулдагы "Ататүрк"эл аралык аэропортунун кире бериши менен чыккан жеринде жана автоунаа токтоочу жайында үч жарылуу болгон.
Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Стамбул аба майданындагы жардырууга үч киши катышканын айтып, мунун артында "Ислам мамлекети" террордук уюму тургандыгын билдирди.
Күбөлөр аэропортто атышуулардын үнү угулгандыгын белгилеп, ал аба майдандын автоунаалар токтоочу жайынан атылганын божомолдошту.
Жергиликтүү ЖМКнын билдиргенине караганда, террористтер аэропортко такси менен келген.

Аба майдандагы трагедиядан кийин адистер жеринде иштеп жатат.

Тез жардамдын кызматкерлери жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатат

Акыркы маалыматтар боюнча 36 адам мерт кетти

Терактыдан 150гө чукул киши жарадар болду. Адистер иликтөөгө илинчек издеп жатат

Эл аралык аба майдандагы жарылуу Бишкек убактысы менен алганда саат түнкү бирде жаңырган

Аэропортто атышуулардын үнү угулду, ал аба майдандын автоунаалар токтоочу жайынан атылгандай болду дешти

Күбөлөрдүн айтымында, "Ататүрккө" болгон чабуулда кол салган киши жарылуу алдында элди туш келди аткылаган

Жардыруудан кийинки жарандардын абалы

"Ататүрк" терминалында аба каттамдарын күткөн жүргүнчүлөр

Түркиянын премьер-министр Бинали Йылдырым Стамбул аба майданындагы жардырууга үч киши катышканын айтты

Түркиянын өкмөт башчысы бул жардыруунун артында "Ислам мамлекети" террордук уюму тургандыгын билдирди
