Эки күндө Алай тоо кыркаларында 29 жолу жер титиреди

Жазылуу
Кыйроолор жана жабыркагандар жок. Жер силкинүүнүн күчү Ош облусунун аймагында орточо эсеп менен 4-5 баллга чейин сезилди.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Эки күндө Алай тоо кыркаларында 29 жолу жер титирегенин ӨКМ билдирди. 

Кытай Эл Республикасынын премьер-министри Ли Кэцян Жайкы Давос — 2016 дүйнөлүк экономикалык форумда - Sputnik Кыргызстан
Ли Кэцян: Кытай Кыргызстандагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда кол узатууга даяр
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 26-июнунан 28-июнуна чейин Кыргызстан, Тажикстан жана Кытайдын чек арасында, Алай тоо кыркаларында жалпысынан 29 жолу 3 баллдан 5 баллга чейин жер титирөөлөр кайталанып турган.

Силкинүүдөн кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок. Жер титирөөнүн күчү Ош облусунун аймагында орточо эсеп менен 4-5 баллга чейин сезилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0