БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Россиянын Калуга облусунун жашоочусу токойго мергенчиликке чыгып, элик деп бир тууганын атып алган. Бул боюнча учурда тергөөчүлөр иштин чоо-жайын териштирип жатат.
24-июнда Хвастовичевск районунун 52 жаштагы тургуну токойдо 52 жаштагы агасы менен аң уулап чыккан.
"Эки жагын абайлап карабай, чөптүн башы кыймылдаганда элик экен деп 30 метрлик жерден агасын атып алган", — деп айтылат милиция тараткан маалыматта.
Көкүрөгүнө ок жеген бир туугандардын улуусу ошол жерден жан берген. Абайлабаганы үчүн инисине кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөөчүлөр ок кандай жагдайда жаңылгандыгын текшерип жатат деп айтылат маалыматта.