БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ош шаарынын айрым аймактарында үч күн катары менен газ өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, эртең, 28-июнь күнү Раззаков менен Салиев көчөлөрүндө, шаршемби күнү Ишкаван жана Байрак көчөлөрүндө, ал эми 30-июнда Масалиев, Зайнабидинов, Аношин жана Ашимахунов көчөлөрү менен кесилишкен тилкеде көгүлтүр от болбойт.
Жаратылыш газы эртең мененки саат 8.00дөн кечки саат17.00гө чейин токтотулат.
Ишкана мындай аракет газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгилейт.