БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкекте 22 жаштагы кыз сессиясын бүтүрүү үчүн шылуунга 1700 доллар берип алданганын ШИИБ билдирди.
Жабырлануучунун айтымында, акча алган жигит дайын-отун таптырбай кеткен.
Аталган арыздын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан 31 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Ал буга чейин да шылуундук менен алектенип келген деп айыпталууда.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.