БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Эртең Кыргызстанда күн күркүрөп, кыска мөөнөттүү жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
Бишкек шаарында кыска мөөнөттүү жаан жааса, Ош шаарында күн ачык болот. Борбор калаада аба ырайы 26 градуска чейин ысыса, Ошто күн 27 градуска чейин жылуу болот.